Россия COVID-19га каршы вакцинаны ноябрда өндүрө баштайт

Буга чейин Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко вакцинация акысыз болорун айткан. Ал эң биринчиден медиктер менен мугалимдерге жасалат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-август. – Sputnik. Новосибирск шаарындагы "Вектор" борбору коронавируска каршы вакцинаны ноябрь айынан тарта чыгара баштайт. Бул тууралуу ишкананын директору Ринат Максютовго шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Ноябрь айында вакцинаны чыгара баштайбыз. Андыктан жылдын аягында же келерки жылдын башында вакцина жок дегенде калктын аялуу тобуна жетет. Андан соң элге массалык түрдө жасалат", — деди Максютов.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко вакцинация акысыз болорун айткан. Ал эң биринчиден медиктер менен мугалимдерге жасалат.

COVID: ДССУ Казакстандын экинчи вакцинасын каттады

Эске салсмак, "Вектор" борборунун адистери түзгөн үч вакцинанын прототиби сыноодон ийгиликтүү өткөн.