Коронавирус беш жерден жугат. Окумуштуулар санап беришти

Ооруну жугузуп алуу булагы катары дүкөндөрдөгү муздаткычтардын каалгаларынын кармагычтары, POS-терминалдар кафелердеги столдордун үстүнкү бети жана турак үйлөрдөгү домофондун баскычтары саналууда.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Коронавирус жуктуруунун негизги беш ыктымалдыгын окумуштуулар санап берди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

"Известиянын" эксперттеринин пикиринде, вирустар көбүнчө азык-түлүк дүкөндөрүнүн муздаткычтарынын кармагычында болот. Оору жугузуп алуу коркунучунун экинчи кооптуулугу катары коомдук мекемелердин каалгаларынын кармагычтары жана POS-терминалдар саналууда. Лифтилердин баскычтары, кондиционер иштетилген кафелердеги столдордун үстү, турак жайлардагы каалгалардын кармагычтары жана домофондордун баскычтары кийинки коркунуч катары саналат.

Кардиолог COVID-19дан айыккандан кийин иче турган витаминдерди атады

Коронавирус түшкөн буюмду кармаган кол менен оозуңа, мурдуңа же эриниңе тийсе жугуп калуу коркунучу бар.

Дүйнө окумуштуулары SARS-Cov-2 тигил же бул заттын үстүндө канча мезгилге чейин сакталарын бир нече ирет изилдешкен. Анын жыйынтыгы боюнча, вирус кийимде жана даракта эки күн, айнекте төрт күндөй, дат баспаган темирде жана желим затта бир аптага чейин жашайт.

Ар бир адам өзүнүн колун коронавирус жуккан коркунуч катары кабыл алып, кооптуу делген нерселерге тийгенде аны санитайзер же самын менен таза жууп алууга окумуштуулар кеңеш берет.