Өкмөт өзгөчөлөнгөн дарыгерлерди Ардак грамота менен сыйлады. Тизме

Өкмөт республикадагы мамлекеттик жана менчик медицина мекемелеринин кызматкерлерин Ардак грамота менен сыйлады.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик жана менчик медицина мекемелеринде өзгөчөлөнгөн кызматкерлер өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Сыйлыктарды вице-премьер Аида Исмаилова жана саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов тапшырды.

Пневмониядан айыкты. Саламаттык сактоо министри Абдикаримов ишке чыкты

Ак ниет эмгеги жана саламаттык сактоо тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн төмөнкү адистер сыйланды:

  • Насиржан Адашпаев — Онкология жана гематология улуттук борборунун интенсивдүү терапия палатасынын анестезиолог-реаниматолог дарыгери;
  • Нурдин Алмереков — Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы;
  • Бейшеналиев Илимгазы Айыпович — Нарын облусунун Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын директору;
  • Бодошов Азат Умарович — Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин вирустук лаборатория бөлүмүнүн башчысы;
  • Давлетбаева Марина Мамбетказиевна — Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын №1 бөлүмүнүн башчысы;
  • Докбаев Жээнбек Орозмаматович — Ош облусунун Кара-Кулжа райондук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы дарыгери;
  • Ибраимов Бакыт Аскарович — Улуттук хирургия борборунун ичеги оорулар секторунун башчысы;
  • Кравцов Алексей Анатольевич — "Профилактикалык медицина" республикалык илимий-практикалык борборунун врач-эпидемиологу;
  • Макешова Токтобүбү — Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын №6 бөлүмүнүн улук медайымы;
  • Мамасали уулу Жыргалбек — Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн хирург-дарыгери;
  • Нурланова Махабат Мелисовна — Бишкек шаардык №6 клиникалык ооруканасынын пульмонолог-дарыгери;
  • Өмүракунова Назгуль Советбековна — Эндокринологиялык борбордун башкы дарыгери;
  • Осмоналиев Калмурза Мукашевич — Чүй облустук стоматологиялык бейтапканасынын стоматолог-хирургу;
  • Осмонов Дамир Асылбекович — менчик медициналык клиниканын башкы дарыгери;
  • Оторбаева Динагүл Сатаровна — Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Жугуштуу паразиттик оорулар жана эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын башчысы;
  • Салиев Алишер Гаппарович — Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын травматолог-дарыгери;
  • Самаков Алмаз Асанбекович — Улуттук хирургия борборунун чукул хирургия боюнча башкы дарыгеринин орун басары;
  • Солтогулова Аиза Үрүстөмовна — Бишкектин Биринчи май райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери;
  • Тилеков Эрнис Абдышевич — Онкология жана гематология улуттук борборунун директору;
  • Үркүнчиев Таалайбек Токтобекович – Нарын облусунун Жумгал райондук аймактык ооруканасынын директору;
  • Чынгышова Жамиля Амановна — Иса Ахунбаев атындагы КММАнын анестезиология жана интенсивдүү терапия кафедрасынын кафедра башчысы.

Кыргызстанда COVID-19дан каза болгон медиктердин так саны айтылды

Бардыгы болуп 21 адис Ардак грамота менен сыйланды.