Пневмониядан айыкты. Саламаттык сактоо министри Абдикаримов ишке чыкты

Буга чейин министр Сабиржан Абдикаримовдон пневмония, орун басары Нурболот Үсөнбаевден COVID аныкталып, экөө тең дарыланып жатышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жумушка чыкты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин министр Сабиржан Абдикаримовдон пневмония, орун басары Нурболот Үсөнбаевден COVID аныкталып, экөө тең дарыланып жатышкан.

"Стационардан чыккандан кийин Абдикаримов обочолонуу режимин сактап, дагы бир жума үй карантининде болгон. Ал дарыланып жаткан мезгилде кызматтык милдетин орун басары Мадамин Каратаев аткарып турган. Бүгүндөн баштап министр штаттык режимде иштейт", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда министр иштен кеткени тууралуу жазып чыгышкан.

Бирок өкмөт ал маалыматты төгүндөп, Абдикаримовдун кызматтан кетпегенин айткан.