КРде оору жуктурган медиктер 3000ге жакындады. Анын 85 пайызы аялдар

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 2 829 учур катталган. Бул Кыргызстан боюнча оору жуктургандардын 16 пайыздан ашыгын түзөрү айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 20 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, оору жуктурган ак халатчандардын төртөө Ош шаарынан, үчөө Жалал-Абад облусунан, бешөө Ысык-Көл облусунан, жетөө Баткен облусунан жана бирөө Нарын облусунан катталган.

Пневмониядан айыкты. Саламаттыкты сактоо министри Абдикаримов ишке чыкты

Ал эми бир суткада сегиз медик ооруканалардан айыгып чыккан. Мындан сырткары, үй карантининдеги 33 кызматкер ооруну жеңген.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 2 829 учур катталып, алардын ичинен 1 853ү сакайган. Бул Кыргызстан боюнча оору жуктургандардын 16 пайыздан ашыгын түзөрү айтылды.

Ал эми алардын орточо жаш курагы 45ти түзөт. Медиктердин жалпы курагы 23 жаштан баштап 69га чейинки деп саналат. Ошондой эле оору жуктурган медиктердин 85 пайызы аялдар, 15 пайызы болсо эркектер деп эсептелген.