Киев: бомба жардырам деген өзбекстандыкты аскерлердин кармаган учуру. Видео

Кишини барымтага алуу жана жардырып жиберем деп коркутуу үчүн Кылмыш кодексинин "Террорчулук" беренеси боюнча иш козголгон.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Киевде атайын даярдыктагы аскерлер бомба жардырам деген кишини кармады деп билдирди Sputnik. Ближнее зарубежье Telegram каналы.

Киев: бомба жардырам деген өзбекстандыкты аскерлердин кармаган учуру. Видео

Аны кармап жаткан учур украиналык ЖМКлардын каналына түшүп калган.

Өзбекстандын жаранымын деген киши аскерлер банкка кирип барып, анын колун аркасына кайрып, кармагандан кийин журналисттерге интервью берген. Шектүүнү Украинанын коопсуздук кызматы кичи автобуска салып, алып кеткен.

RT кишини барымтага алуу жана жардырып жиберем деген коркутуу үчүн ага Кылмыш кодексинин "Террорчулук" беренеси боюнча иш козголгондугун жазды.

Эске салсак, Өзбекстандын жаранымын деген адам Киевдеги бизнес-борбордун ичиндеги банктардын бирине кирип, рюкзагында жарылуучу каражат бар экенин айткан. Ал полиция чакырууну суранган. Банктын кызматкерлери эшикке чыгарылып, ал эми бөлүмдүн жетекчиси өзүнүн каалоосу менен ичинде калган. Полиция өзбекстандык киши менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок бомба бар же жогун аныктай алган эмес.

Полиция террорчу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан соң Украинанын коопсуздук кызматы аны кармоо операциясын баштаган.