БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бишкекте евро менен доллардын курсу жогорулады. Бул туурасында Valuta.kg жана Улуттук банктын сайтында маалымдалды.
Акча алмаштыруу жайларында долларды 76,66 сомдон сатып алып, кайра 77,04 сомдон сатышууда. Ал эми евронун баасы 89,57 сом (сатып алуу) жана 90,99 сомду (сатуу) түздү.
Өткөн жуманын аягында доллардын курсу сатып алууда 76,54 сом, ал эми сатуу 76,92 болуп турган. Ал эми еврону 89,39 сомдон алып, 90,75 кайра соодалап жатышкан.
Аи-92 жана Аи-95 үлгүсүндөгү күйүүчү май жана дизелдин баасы өзгөргөн эмес.
Алтын куймаларынын баасы жогорулаган. Мисалы, бүгүн 10 граммдык куйма 54 337 сомго сатып алынып, элге 54 446 сомдон сатылууда. Ал эми өткөн бейшембиде сатып алуу 54 000 жана сатуу 54 115 сомду түзгөн.
Кыргызстанда алтындын запасы 2,6 млрд сомго азайды
Белгилей кетсек, Улуттук банк алтын куймаларын сатып алуу жана сатууну токтоткон. Мындай чечим COVID-19дун таралуусун азайтуу максатында кабыл алынган. Бул иштер өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшыргандан кийин кайра улантылары айтылган.
Улуттук банк 2015-жылдан тарта алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин.