Мэрия: Бишкектеги 11-кичи райондун карьеринде күйгөн таштандылар өчүрүлдү

Буга чейин калаанын түштүк тарабындагы тургундар күйгөн таштандылар уулантып жатат деп социалдык тармакка жазган эле.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Борбор калаанын 11-кичи районунда таштанды ыргытылуучу карьердеги өрт өчүрүлдү. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Аталган аймактан түтүн чыгып жатканы боюнча шаардыктардын кайрылуусунан кийин муниципалдык кызматтар дароо барып өчүргөнү айтылат. Ага "Тазалык" муниципалдык ишканасынын суу ташыган автоунаасы тартылган.

"Аталган объектинин (карьер. — ред.) маселеси жакынкы күндөрү шаардыктардын пайдасына чечилет", — деп билдирди мэрия.

Буга чейин калаанын түштүк тарабындагы кичи райондордун тургундары карьердин аймагында топурактын астында калган таштандылар күйүп түтүн каптап жатканын айтып арызданышкан. Түтүн шаардыктарды уулантып жатат деп даттангандар болгон. Ал эми мэрия күнөөлүүлөрдү табууну убадалаган.

Шаардыктардын айтымында, карьерге 2018-жылы топурак төгүлчү, ал эми өткөн жылдын жайынан бери таштанды ыргытыла баштаган. 2020-жылдын жазынан тарта таштандыларды тобу менен алып келип төгө башташкан.