Атаандашка жөтөлсөң, оюндан чыгасың. Англиядагы футбол эрежеси

Англиянын футбол жетекчилиги атаандашка карап атайын жөтөлгөн жорукту муштум менен сокку урган оройлук менен бирдей орунга койду.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Англиянын футболдук чемпионатынын калыстары атаандаш тарапка же беттештин өкүлдөрүнө карап атайын жөтөлгөн футболчуларды жазалайт. Бул тууралуу The Times маалымат булагы жазды.

Басылма маалымдагандай, Англиянын Футбол ассоциациясы жаңы нускамаларды иштеп чыкты, анда коронавирустук пандемия шартында беттештерди тейлеген калыстар үчүн көрсөтмө камтылган.

FIFA Кыргызстандын футболун колдоого 1,5 миллион доллар бөлөт

Андагы бир пунктуга ылайык, атаандашка же беттештин расмий өкүлүнө карап атайын жөтөлгөн футболчу беттештен четтетүү каралган. Мындай учурда калыстарга оюнчуга сары же кызыл айып кагазын көрсөтүү тапшырылган.

Муну менен Англиянын футбол жетекчилиги атаандашка карап атайын жөтөлгөн жорукту муштум менен сокку урган оройлук менен бирдей орунга койгону айтылат.

Футбол: кыргыз премьер-лигасында 8 команда калды

Жаңы эреже бардык расмий мелдештерге, атап айтканда, Премьер-лига, Championship, Англия кубогу жана Лига кубогунда колдонулат.

Англиядагы футбол боюнча жаңы сезон 12-сентябрда башталат.