Оштон дарыгерлер өз ыктыяры менен Ысык-Көлгө жардамга келди. Сүрөт

Оштон барган топ бүгүн Каракол шаарындагы облустук ооруканада ишин баштады. 4-августта дагы эки реаниматолог жөнөтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ош облусунан алты дарыгер өз ыктыяры менен Ысык-Көлдөгү кесиптештерине жардам берүү үчүн келди. Бул туурасында Ош облусунун өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Медиктер мындай чечимди акыркы Көлдөгү туристтик сезонго байланыштуу кырдаал күчөп кеткенден улам кабыл алышканы айтылат.

"Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев дарыгерлердин демилгесин колдоп, Ысык-Көл облусунун башчысы Балбак Түлөбаев менен сүйлөштү. Маселе чечилген соң дарыгерлерди транспорт менен камсыздап берди", — деп айтылат маалыматта.

Боронов: Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында абал оор

Оштон барган топ Каракол шаарында жайгашкан облустук ооруканада бүгүн ишин баштаган.

Мындан сырткары, 4-августта Оштон дагы эки реаниматолог жөнөтүлөрү белгилүү болду.