Максим Галкин Алла Пугачева менен ажырашты деген кепке жооп берди

Буга чейин социалдык тармактарда артисттердин үй-бүлөсү эки ача жолго түшкөнү туурасында маалыматтар чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Куудул жана теле алып баруучу Максим Галкин жубайы ырчы Алла Пугачева менен ажырашты деп айтылып жаткан кептерге комментарий берүүдөн баш тартты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Буга чейин социалдык тармактарда артисттердин үй-бүлөсү эки ача жолго түшкөнү туурасында маалыматтар чыккан.

"Менин кыларга ишим жокпу?", — деп жооп берген Галкин "Говорит Москва" радиосуна.

Кийинчерээк ырчынын маалымат атташеси Елена Чупракова ажырашуу тууралуу кеп-сөздү четке каккан.

"Жок, андай болгон эмес", — деп айткан Daily Storm басылмасына берген маегинде.

Максим Галкин менен Алла Пугачева 2011-жылы баш кошкон.