Өлкөдө коронавирустан дагы 12 адамдын өмүрү кыйылды

Июнь айында эпидемиологиялык абал кескин курчуп, каза болгондордун саны күн сайын 70-80ден ашкан учурлар болгон. Бактыга жараша, акыркы кезде өлүмдүн саны азая баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Акыркы 24 саат ичинде Кыргызстанда коронавирустан 12 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

COVID-19дан каза болгондордун жаңы учурлары (пневмонияны эсепке алганда) төмөнкүдөй:

  • Бишкек шаары – 4;
  • Чүй облусу – 2;
  • Ош облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1;
  • Жалал-Абад облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 1.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирустун кесепетинен көз жумган адамдардын саны 1 409га жетти.