Жети-Өгүз: сел жүрүп жаап калган Көк-Жайык жайлоосунун жолу ачылды. Видео

Кечээ катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Көк-Жайык жайлоосуна барчу жол толугу менен жабылып калган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Жети-Өгүз районунун Көк-Жайык жайлоосуна бараткан жолдун бир тарабы ачылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 1-август күнү, катуу жааган жамгырдын кесепетинен жайлоого барчу автоунаа жолун сел каптап, толугу менен жабылып калган.

"Короче" Telegram каналына топурак жана селдин жолду жаап калган учурунун видеосу жарыяланган.

"Жеринде жергиликтүү бийликтин жана ӨКМдин кызматкерлери, куткаруучулар иш алып барып жолду тазалоого бир жүктөгүч тартылган. Ал эми өтө албай калган болжол менен 200дөй эс алуучуну бир кичи автобус жана беш жеңил машина менен "Жети-Өгүз" курортуна алып келип жайгаштырышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Автоунаа жолу кечки саат 22:00 чамасында бир тараптуу ачылган. Бүгүн дагы тазалоо жана кеңейтүү иштери жүрүп жатат.