Мелдешип сууга секирген. Караколдо эркек кишинин сөөгү табылды

Сөөктү 2-август күнү саат 8:30дар чамасында өтүп бара жаткан киши көрүп калып, ӨКМ куткаруучуларын чакырган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-август. – Sputnik. Каракол шаарын аралап өткөн Каракол суусунда эркек кишинин сөөгү табылды. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал тааныштары менен мелдеше кетип сууга секирген. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, сөөктү 2-август күнү саат 8:30дар чамасында өтүп бара жаткан киши көрүп калып, ӨКМ куткаруучуларын чакырган. Алар маркумду суудан алып чыгып, милицияга өткөрүп берген.

Мөңгүгө кирип кеткен. Жалал-Абаддагы жайлоодо 14 жаштагы баланын сөөгү табылды

“Милиция келген маалда ары жакта спирт ичимдиктерин ичип отурган эки киши үчүнчү адам алар менен мелдеше кетип, сууга секиргенин айтышкан. Ал жерде суунун агымы өтө күчтүү жана түбү таштуу”, — деп айтылат билдирүүдө.

Милиция иликтөө иштерин баштады.