БИШКЕК, 2-август. — Sputnik. Италиянын "Лацио" футболдук клубунун чабуулчусу Чиро Иммобиле Европада Топ-5 лиганын бомбардири болуп, "Алтын бутса" сыйлыгын утту. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Римдик команда кечээ өлкө чемпионатынын акыркы турунда "Наполи" менен кездешип, 3:1 эсебинде жеңилген. Беттештин биринчи бөлүгүндө Иммобиле гол киргизип, быйылкы сезондо жараткан голдорунун санын 36га жеткирди. Муну менен Чиро Иммобиле мыкты бомбардир болуп, "Алтын бутсага" татыды.
Германиялык "Бавария" клубунун чабуулчусу Роберт Левандовски 34 топ менен экинчиге жетсе, Италия чемпиону, "Ювентус" командасынын футболчусу Криштиану Роналду 31 гол менен үчүнчүдө калды.
Өткөн жылы испаниялык "Барселона" клубунун капитаны Лионель Месси 36 топ киргизип, бул сыйлыкты уткан.
"Алтын бутса" сыйлыгын 2014-жылдан бери Испаниянын Ла Лигасындагы командаларынын футболчулары алып келишкен.
КРдин курама командасынын лидер футболчусу Бернхарт "Дордойго" кошулду
Жеке футболдук белек катары эсептелген "Алтын бутса" сыйлыгы 1968-жылдан бери Европа чемпионаттарында эң көп топ киргизген футболчуларга берилип келет. Аны France Football журналы менен спорттук кийимдерди чыгаруучу Adidas компаниясы биргеликте уюштурган.
"Алтын бутса" сыйлыгын эң көп, алты жолу испаниялык "Барселона" клубунун капитаны Лионель Месси алган.