Радио

Естебесова: аспирин канды суюлтпайт, бирок жардам берет

Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова коронавируска чалдыккан учурда канды суюлтуу үчүн кайсы дарыларды колдонсо болорун айтты.
Sputnik
Естебесова: аспирин канды суюлтпайт, бирок жардам берет

Коронавирус инфекциясында кан коюлуп кеткендиктен аны суюлтуучу дарылар сунушталууда. Мындан улам эл арасында өзү билемдик менен ацетилсалицилдик кислотаны ичип жаткандар бар. Бул туура кадам деп айтууга болбойт. Мындай пикирин Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, зарылчылык жаралган учурда канды суюлтуучу дары-дармектерди врачтын көзөмөлүндө гана ичүү керек.

Кардиолог COVID-19дан айыккандан кийин иче турган витаминдерди атады

"Коронавируска чалдыккан бейтаптар арасында аталган вирус канды коюлтары тууралуу маалыматка ээ болгон соң профилактика иретинде же ооруп жаткан учурда өз алдынча аспирин таблеткаларын ичип жаткандары да бар. Тилекке каршы, андай таблеткалар ашказан жарасы, гастрит менен жабыркаган адамдарга болбойт. Мындай илдеттери жок адамдар ичкенде деле ашказанды сезгентип жибериши мүмкүн. Негизи аталган таблеткалар канды суюлтпайт. Ал кандагы тромбоциттердин бири-бирине жабышып калбашына гана жардам берет. Андыктан алгач дарыгерге кайрылып, эгер ал аспирин ичүүнү сунуштаса, сыртында коргоочу чел кабыгы бар тромбопол, тромбо ап деген сыяктууларын ичсе болот. Эскерте кете турган учур, аны дарыгер сизге дайындашы керек", — деди Естебесова.

Дарыгер коронавирус менен ооруп же башка илдетке чалдыккан учурда деле дарыларды өз алдынча ичүү ден соолукка олуттуу зыян алып келерин кошумчалады.