БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августтан тарта, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кадр тандоо системасы санариптеше турганын билдирди. Бул тууралуу ал "Биринчи радиого" берген маегинде айтканын маалымат кызматы кабарлады.
Анын айтымында, жаңы конкурстук система боюнча тестирлөөдөн ким биринчи орунду алса, кызматка ошол талапкер катары сунушталат.
Жээнбеков: абал турукташа баштады деп айтуу азырынча эрте
"Негизги максат — тааныш-билиштикти жоюу. Айрым мыкты кадрларыбыз мамлекеттик кызматка кире албай калып кеткени жашыруун эмес. Ошондуктан бул негизги маселе. Бул жаатта ачык-айкындуулук, калыстык болуп, жарандардын ишеничин толук аткаруу керек. Ошону менен биздин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы орундарга даяр кесипкөй, тажрыйбалуу, билимдүү балдарды тартуу максаты коюлган", — деген президент.
Жээнбеков бул реформаны ишке ашыруу боюнча тиешелүү бардык чечимдер кабыл алынганын кошумчалаган.