Пневмониянын жайылышына дезинфекциялоо иштери себеппи? Адистердин пикири

Пульмонолог, ӨКМдин подполковниги жана дезинфекциялоо боюнча эксперт адам организмине хлор кандай таасир этерин, коронавирустук пневмониянын күч алышы менен дезинфекциялоочу каражаттарды чачуунун байланышы бар-жогу тууралуу айтып беришти.
Sputnik

“Бишкекте пневмония илдети дезинфекциялоо чараларынан улам күч алды” деген кабарлар социалдык медиа жана мессенджерлерде тарап кетти. Көчөлөрдү дезинфекциялоодо пайдаланылган, курамында хлор камтылган заттар өпкөнү жабыркатып, бул кыргызстандыктардын пневмонияга жапырт кабылышына себеп болду деген маалыматтар талкуулана баштады. Ар кандай химиялык формула жана аныктамаларды да мисал келтиришүүдө.

Sputnik Кыргызстан ӨКМдин Бишкек башкармалыгынын жетекчиси, дезинфекция боюнча эксперт жана пульмонологдон кырдаал боюнча түшүндүрүп берүүсүн өтүнүп, бул окуялардын өз ара байланышын тактоого аракет кылды. Эске салсак, дезинфекциялык иш-чаралар борбор калаада пандемия башталгандан тарта жүргүзүлүп келет.

Дезинфекциялоодо эмне колдонулду, кандай жүргүзүлдү?

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек боюнча башкармалыгынын жетекчиси Адилбек Чаргынов мекеме дезинфекциялык иштер үчүн 25 пайыздык хлор эритмесин (кальцийдин гипохлорити) өз алдынча сатып алып турганын айтат.

Пневмониянын жайылышына дезинфекциялоо иштери себеппи? Адистердин пикири

"Кийинчерээк министрлик аркылуу борборлоштуруп сатып алууга өттүк. Мындан сырткары, Өзбекстан  гуманитардык жардам катары 10 тонна хлордук суюктук берген. Жергиликтүү аймактык башкармалыктар менен биргеликте оору табылган, эл көп топтолгон жерлер аныкталып, дезинфекциялоо графиги түзүлгөн.

Мындай иш-чаралар маалында көчөдө киши болгон эмес, сиздерге белгилүү болгондой, ал убакта карантин жарыяланган. Андай режим токтотулган соң соода-базар комплекстери, шаардын базарлары, балдар аянтчасы, кабаттуу үйлөрдүн подъезддери дезинфекцияланган. Мында жарандарга түз таасири болгон эмес", — деди Чаргынов.

Анын айтымында, бардык дезинфекциялык иш-чаралар кооптуу заттар менен иштөө эрежелерине ылайык өткөрүлгөн.

Бишкектеги өлүккананын айланасындагы көрүнүш. Видео

"Эритме өрт өчүрүүчү бөлүктөрүбүзүн базасындагы автоцистерналарда даярдалган. Иш убагында бардык кызматкерлер уулуу заттарды пайдалануудан коргоочу каражаттар менен жабдылган. Кайра базага кайтышканда автомашинадагы эритменин калдыктары жуулуп турган. Унаа биздин бөлүктүн аймагында кургатылган. Эритме менен иштөөгө өзүм да катышкам. Бардык эрежелер сакталса, хлордун адамга зыяндуу таасири болбойт. Дезинфекциялоо иштери оор формадагы пневмонияны жаратты деген пикирге кошулбайт элем. Эгер андай болсо, биз жеке курамыбызды бүт жоготуп алмакпыз", — дейт подполковник.

Аптека орнотуп, таштандыдан арылтып… ӨКМдин "Гансиде" аткарган иши видеодо

ӨКМ өкүлү коронавирустук инфекцияга кабылып, айыгып чыкканын айтат .

"Оору күч алып турганда биз “кызыл зонада" иштедик, обсервацияларды, күндүзгү стационарларды, ал эми "Гансидеги" базада жандандыруу бөлүмүн ачтык. Ошол убакта жуктуруп алдым, анан да иштин көптүгүнөн улам иммунитет да кескин чабалдап кеткен өңдөнөт. Алсырап, жөтөлүп, демим кыстыгып, ушул сыяктуу эле башка белгилери болду. Эки апта дарыландым, андан соң он төрт күн обочолондум. Ушул тапта абалым дурус", — деди Чаргынов.

Дезинфекция боюнча эксперттин пикири

Фармацевтикалык компаниялардын биринин алдыңкы адиси, дезинфекция боюнча эксперт Жамал Токтосунова хлор мурда да өзгөчө кырдаалдарда, мисалы, кооптуу илдет чыкканда пайдаланылып келгенин белгилейт.

Пневмониянын жайылышына дезинфекциялоо иштери себеппи? Адистердин пикири
"Мындай учурларда оору чыккан очок хлордун концентрацияланган эритмеси менен активдүү дезинфекцияланат. Бирок сөзсүз противогаз жана респиратор кийүү зарыл. Эгер имарат дезинфекциялана турган болсо, ичинде киши болбошу зарыл жана тазалоодон кийин баары жакшы желдетилиши шарт. Бүгүнкү күндө хлор канцероген болуп расмий түрдө таанылган. Хлор топтолуучу эффектиге ээ, башкача айтканда организмде топтолуп отуруп, натыйжада бронхиалдык астмадан тарта онкологиялык оор дарттарга чейин кептеши ыктымал", — деди Токтосунова.

Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемия жаңыдан башталганда баарын хлор менен тазалоо керектигин жарыялаганда дезинфекциялоочу адистер абдан таң калган.

Бейтап жаткан бөлмөнү желдетип туруу керек. Пульмонологдун кеңеши

"Борбор калаанын кызматтары бул сунуштарды аткарышты. Антсе да биздеги клиникалардын көбү бул каражаттан эбак четтешкенин, мындан коопсуз, ошол эле убакта эффективдүү дезинфекциялоочу каражаттарды пайдаланышарын айткым келет. Совет убагында хлор мектеп, ооруканаларда кеңири колдонулган. Бирок анын таасири жакшы изилденген эмес. Адамдын саламаттыгына олуттуу залал келтирерин эч ким болжогон эмес", — дейт эксперт.

Учурда көчөлөрдүн, тротуар жана имараттардын хлор менен тазаланышы канчалык жөндүү иш болгону тууралуу маселе турганын баса белгилейт Токтосунова.

"Хлордун кошундусу абдан туруксуз келет. Жерге түшкөндө башка органика менен аралашып кетип, андан да уулуу кошундуларды жаратышы ыктымал. Алар айлана-чөйрөгө таасир этет. Коронавирустук пневмониянын күч алышы дезинфекциялоого байланыштуу деген ойдон алысмын, бирок хлор да булганган абадан улам шаардыктардын ансыз да чабал өпкөсүн дүүлүктүрүүчү фактор болушу мүмкүн", — деди ал.

Күндүзгү стационар жана "Гансиден" чыккан таштанды кайда ыргытылат? ӨКМдин жообу

Бул адис да коронавирустук инфекциянын жеңил түрүнө кабылган.

"Азыр дарыланып жатам, медициналык борборлордун бирине барганымда хлордун зыяндуу таасирин сездим. Санитардык кызматкер хлор кошуп полду жууптур. Андан улам өзүмдү начар сезип, сыртка чыгууга аргасыз болдум. Мында коронавирустан алсыраган өпкө ал эритмеге катуу реакция кылганы ырас. Бизде ооруп сакайгандар көп, мындан ары да алардын саламаттыгына кам көрүүгө тийишпиз. Ошол себептен жабык жайларда, атап айтканда, клиникаларда курамында хлор камтылбаган, бирок вирус жана бактерияларга дал ошондой таасир эте турган заманбап дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу зарыл", — деди Токтосунова.

Пульмонологдун пикири

Жогорку категориядагы врач, пульмонолог Бермет Эстебесова да хлор адамдын организми үчүн абдан уулуу химиялык кошунду экенин белгиледи.

Пневмониянын жайылышына дезинфекциялоо иштери себеппи? Адистердин пикири
"Чындап эле аз ченем менен узакка таасир этүүдө хлордун буусу менен дем алуу курч же өнөкөт ууланууга алып келиши мүмкүн. Кальцийдин гипохлоритинин 25 пайыздык эритмеси жогорку концентрация болуп саналат. Салыштырсак, ооруканаларда анын 3 пайыздык эритмеси колдонулат, ал эми медициналык инструменттер 1 пайыздык эритмесине чыланат. Бирок хлор менен уулануу жөн эле боло бербейт. Бул заттын кошундусу абадан оор, буу түрүндөгү абалда болбойт. Чачылгандан кийин хлор жерге түшөт, бууланбайт, башкача айтканда, түз пайдаланууда жана узак убакыт ага жакын туруп калганда гана уулануу болушу мүмкүн", — деди Эстебесова.

Анын айтымында, хлордун уулуу экенине карабастан коронавирустук пневмония менен дезинфекциялоо чараларынын байланышын так айтууга болбойт.

"Ооба, хлорго аллергия же уулануу түрүндө реакция болушу мүмкүн, бирок мунун коронавируска тиешеси жок. Бул оорунун табияты таптакыр башка, бул инфекцияда вирус организмге киргенде канды жабыркатат, тромб пайда кылат. Алар өпкө тамырларын бүтөп калат. Коронавирус сезгентпейт, кыйыр өзгөрүүлөр кандын коюуланышынан улам өрчүйт. Ошондуктан канчалык кааласак да, коронавирустук пневмонияны дезинфекциялык иш-чараларга байланыштыра албайбыз", — деп эсептейт пульмонолог.

Коронавирус менен симптому жок ооругандар жана жакындары эмнелерге милдеттүү

Адис расмий маалыматтар боюнча шаарда хлордун таасирине байланышкан уулануу учурлары катталбаганын белгилейт.

"Бейтапканаларда санитардык кызматкерлер дайым хлорду пайдаланышат. Азыр эл ичинде тарап жаткан бул кабарлардын чындыгы болсо, анда алардын баары пневмонияга кабылмак. Так маалыматтар муну төгүндөп турат. Бул жагынан да коронавирустук пневмония менен хлордун байланышы бар экенин айтууга болбойт", — деп түшүндүрдү Эстебесова.

Анын айтымында, коронавирустук инфекцияга өзү да кабылып, айыкты. Жыт, даам сезбей, эти катуу ысыган. Азыр врачтын абалы жакшы, обочолонуудан кийин кайрадан ишке киришкен чагы.