Нарында медиктердин акысы толук берилбей калдыбы? Штабдын жообу

Республикалык штаб Нарын облусунун саламаттык сактоо мекемелеринде коронавирус менен күрөшүп жаткан медиктердин кошумча төлөм акысы үчүн жалпы 58 миллион 550 миң 500 сом төлөнүп берилгендигин кабарлады.
Sputnik

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Нарында дарыгерлерге Курман айт майрамына карата аванс берилген. Эсептөөлөр август айынын башында толук жүргүзүлөт. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Буга чейин социалдык тармактарда "Нарында медиктер кошумча төлөмдөргө нааразы. Аларга айтылгандан аз төлөнгөн" деген билдирүүлөр тараган.

Медиктердин компенсациясына канча каражат кеткени айтылды

Аталган маалыматтарга Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси Чыңгыз Нарынбеков жооп берген.

"Июль айы толук жыйынтыктала элек. Буга байланыштуу Курман айт майрамына карата медицина кызматкерлерине аванс гана берилген. Август айынын башында эсептөөлөр толук жүргүзүлөт",— деди Нарынбеков.

Республикалык штаб Нарын облусунун саламаттык сактоо мекемелеринде коронавирус менен күрөшүп жаткан медиктердин кошумча төлөм акысы үчүн жалпы 58 миллион 550 миң 500 сом төлөнүп берилгендигин кабарлады. Анын ичинен июль айында 1 546 кызматкерге 20 миллион 19 миң 900 сом которулгандыгы белгилүү болду.