БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Өткөн суткада өлкө боюнча коронавирустан дагы 900 бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Анын айтымында, айыккандардын көбү Бишкек шаары менен Ысык-Көл облусунда.
Медиктердин компенсациясы канча сомго көбөйдү? Түшүндүрмө
- Бишкек — 412;
- Ош шаары — 50;
- Чүй облусу — 4;
- Ош облусу — 54;
- Талас облусу —6;
- Нарын облусу —18;
- Ысык-Көл облусу — 233;
- Жалал-Абад облусу — 52;
- Баткен облусу —34.
Кыргызстанда ушуну менен коронавирусту жеңгендердин саны 26 426га жетти.