БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 494 адамдын коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Вируска жаңы кабылгандардын арасында 22 медицина кызматкери бар.
- Бишкек - 112;
- Ош – 66;
- Чүй облусу – 33;
- Ош облусу - 95;
- Талас облусу – 2;
- Нарын облусу – 16;
- Ысык-Көл облусу – 94;
- Жалал-Абад облусу – 53;
- Баткен облусу - 23.
COVID жуктуруп алгандардын жалпы саны 36 299 адам болду.
Кечээтен бери коронавирустан 900 бейтап сакайып чыкты
Азыркы тапта өлкө боюнча ооруканаларда 9 170 бейтап дарыланууда. Алардын көбү Бишкек шаарынын жана Ош, Ысык-Көл облустарынын стационарларында жатат.