Жекшембиге карата аба ырайы

2-августта түнкүсүн республиканын аймагында мезгил-мезгили менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, кээ бир райондордо жаан-чачын катуулашы ыктымал.
Sputnik

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. 2-август, жекшембиде, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, кээ бир райондордо жамгыр төгүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Август ысык болобу? Бир айга карата аба ырайынын божомолу

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28...+30, Талас жергесинде +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө жана Нарын аймагында +20...+25 градус болору айтылды.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күндүн табы Бишкекте +28...+30, Ош шаарында +33...+35, ал эми Чолпон-Атада +20...+22 градуска чейин жетет.