Дөңгөлөктөр ыргып... Бишкекте үч унаанын кагышкандан кийинки видеосу

Милиция жол кырсыгы болгонун тастыктады. Ал эми Тез жардам кызматы жабыркагандар бар экенин айтып, бирок санын тактаган жок.
Sputnik

БИШКЕК, 1-авг — Sputnik. Чыңгыз Айтматов проспекти менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинен анча алыс эмес жерден үч унаа кагышканын Sputnik агенттигине окуянын күбөсү билдирди.

Кырсыктын кидеосу "Короче" аталышындагы Telegram-каналга жарыяланды.

Окуяга күбө болгон адамдын айтымында, болжол менен саат 10:10до Lexus RX, Subaru Legacy жана Toyota Altezza үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Көлдө жүк ташыган унаа менен кагышкан машинанын үч жүргүнчүсү мерт болду. Сүрөт

"Кырсыктын кесепетинен Subaru Legacy жолдон чыгып кетип, бампери талкаланган. Ошондой эле алдыңкы бир дөңгөлөгү ыргып, арткы дөңгөлөктөрү арыкка тыгылып калган. Калган эки унаа трассада калган, бирок Toyota Altezza унаасынын дагы дөңгөлөгү ыргып кеткени байкалды", — деди күбө.

Милиция жол кырсыгы болгонун тастыктады. Ал эми Тез жардам кызматы жабыркагандар бар экенин айтып, бирок санын тактаган жок.