"Унаа" ишканасынын Бишкектеги жана аймактардагы бөлүмдөрү 3-августта ачылат

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал кескин начарлап кеткендигине байланыштуу мекемелер убактылуу жабылган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрү 3-августта ачылат. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дүйшөмбүдөн тарта Сокулук-Москва, Чүй-Кемин, Аламүдүн, Ысык-Ата, Балыкчы, Каракол, Талас аймактык бөлүмү жана Лебединовка айылы, Жеңиш проспектиси - 121Б дарегиндеги айдоочулук курамды каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмү ишин жандантат.

Кыргызстан жакында үч өлкө менен аба каттамын жандантууну пландап жатат

Ошондой эле Баткен аймактык бөлүмү менен Баткен сектору да ачылары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал кескин начарлап кеткендигине байланыштуу "Унаанын" бөлүмдөрү 6-июлдан тартып убактылуу жабылган эле.