Новосибирскидеги кыргызстандыктардан мекенине гуманитардык жардам келди

Бүгүн мекенине кайткан жарандар ала келген жүктө Новосибирск облусундагы кыргыз диаспорасынын атынан эки ИВЛ аппараты жана 200 миң рублден ашык суммадагы дары-дармектер бар.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Бишкекке Новосибирск шаарынан чартердик аба каттамы менен 184 жаран кайтып келди. Ошол эле учак менен Новосибирск облусундагы кыргыз диаспорасынан эки ИВЛ аппараты жана 200 миң рублден ашык суммадагы дары-дармектерден турган гуманитардык жүк жеткирилгенин Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесине кош бойлуу келиндер, жаш баласы бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирскинин клиникаларында операция жасалган адамдар, депортацияланган жарандар жана Сибирь ЖОЖдорунда окуп жаткан студенттер киргизилген.

Москвадан 410 жаран учуп келди. Арасында операцияга муктаждар бар

Бул каттам менен кыргызстандыктар Новосибирск, Владивосток, Якутск, Иркутск, Түштүк-Сахалинск, Хабаровск, Красноярск, ошондой эле Сибирь округунун башка шаарларынан келишти.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган жарандарды кайтаруу боюнча иштер уланууда.