Өткөн суткада 25 медиктен коронавирус табылса, 50 ак халатчан сакайып чыкты

Жалпысынан алганда республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 2 768 учур катталып, андан 1 714 медик айыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Өткөн суткада алты медик коронавирусту жеңген. Мындан сырткары, үй карантининен 44 медик айыгып чыккан. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, бир сутка ичинде өлкө боюнча 25 медиктен коронавирус табылган. Алардын ичинен экөө Бишкек шаарынан, төртөө Ош шаарынан, алтоо Ош облусунан. Ошондой эле Жалал-Абаддан алты медик, Таластан бир, Баткенден алты ак халатчан коронавирус илештирип алган.

Бүгүн 662 адам COVID жуктуруп алганы белгилүү болду

Жалпысынан алганда республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 2 768 учур катталып, андан 1 714 медкызматкер айыкты.

Тилекке каршы, 73 медицина кызматкери оорудан көз жумган.