БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Эртең, 1-августта, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жамгыр катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Желим каражаттар табиятты ого бетер кирдетти. БУУ башка нерсе сунуштоодо
Абанын температурасы Чүйдө +27…+32, Таласта +24…+29, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +29…+34 , Ысык-Көлдө +19…+24 жана Нарын жергесинде +18…+23 градус жылуу болору айтылды.
Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында мезгил-мезгили жамгыр жаап, күндүн табы борбор калаада +29...+31, Ошто +32...+34, Чолпон-Ата шаарында +18…+20 градуска чейин жетет.