Иран 167 жүргүнчүсү менен атып түшүргөн учак үчүн компенсация төлөйт

2020-жылдын 8-январында Тегерандан Киевге багыт алган Украинанын учагы абага көтөрүлөрү менен кулап түшкөн. Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн бири да аман калган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Иран өзүнүн аймагында капысынан атып түшүргөн "Украинанын эл аралык авиалиниялары" компаниясынын учагы үчүн компенсация төлөй турганын РБК маалымадады.

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Аббас Мусавинин айтымында, мындай милдеттен Иран качпайт, бирок техникалык жана юридикалык айрым маселелерди чечүү үчүн көп убакыт талап кылынат.

Пакистанда 90 жүргүнчүсү бар учак эл жашаган аймакка кулады. Видео

“Тегеран лайнердин кыйрашы боюнча өз мойнуна жоопкерчилик алат. Компенсация төлөп берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, — деди Мусави.

Каргашанын чоо-жайы

2020-жылдын 8-январында Тегерандан Киевге багыт алган Украинанын учагы абага көтөрүлөрү менен кулап түшкөн. Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн бири да аман калган эмес. Бортто Иран, Украина, Канада, Германия, Швеция жана Афганистандын жарандары болгону кабарланган.

Үч күндөн кийин Ирандын аскерий адамдары каргашанын жоопкерчилигин мойнуна алышкан. Иран тараптын айтымында, аба кемеси аскер объектинин жанынан учуп бараткандыктан, аны АКШнын аскерий учагы деп жаңылыштык менен атып алган.