Шашылыш билдирүү! ӨКМ Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болорун эскертти

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн экени айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызгидромет агенттигинин билдирүүсүнө таянып, жакынкы аралыкта Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болорун эскертти.

Анда жакынкы бир саат аралыгында жана түндүн экинчи жарымында Бишкек шаары жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы мүмкүн экени кабарланган. 

ӨКМ жарандарды сак болууга чакырды.