Жумага карата аба ырайы

30-июлдан 2-августка чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. 31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Август ысык болобу? Бир айга карата аба ырайынын божомолу

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +27...+32, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, ал эми Ысык-Көл, Нарында +21...+26 градус жылуу болот.

Бишкекте өткүн өтүп күндүн табы +30...+32 градуска жетсе, Ош шаарында күн ачык болуп +34... +36 градус ысык болот. Чолпон-Атада кыска убакытка жамгыр жаап +21...+26 градус жылуу болору айтылды.