Кыргыз алданса алып түшөт же көктүгүнөн өлүп берет. Мар Байжиевдин нускасы

Кыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келип, Ысык-Көл облусунда жана Фрунзе шаарында балалыгы өткөн.
Sputnik

85 жаштагы залкар калемгердин эмгектерин барактап, чыгармачыл инсандын нускалуу кептерин чогулттук.

Мар Байжиев мектепти аяктаган соң 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты факультетин бүтүрүп, кийин Москвадагы киносценарист жана кинорежиссерлук жогорку курсун да аяктаган. Жаш талант ата жолун улап колуна калем алып, өзүн ар кыл тармакта сынап, "Кыргызфильм" студиясында, Маданият министрилигинде, "Литературная газета" басылмасында иштейт.

Андан сырткары, "Манас" эпосу жөнүндө тасмага, "Алтын күз", "Ак илбирстин тукуму", "Бирөөнүн бактысы", Нокдаун" өңдүү сегиз фильмдин сценарийин жазган.

Камактагы атасын бир көрүүгө зар болгон Мар Байжиев. Драматург тууралуу 6 факты

Байжиев алгачкы аңгемелер жыйнагын 1961-жылы чыгарып, биринчи "Дуэль" аттуу пьесасы орус тилинде жарыяланган. Андан соң башка пьесалары дүйнөнүн 200дөн ашык театрында коюлган. Драматург чыгармаларындагы каармандарынын ички сезимин, психологиясын, окуядагы адамдардын эмоциясын, өксүгүн, ой толгоосун мыкты ачып бергендиги менен көпчүлүктөн айырмаланып турат.

Сценарист азыр дагы Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө эмгектенет. "Манас" орденинин ээси.  Жубайы менен эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн.

***

Глобализация  —  апендинин жомогу, ал болуп эле келе жатат. Ошол ааламдашуу алкагында да кыргыз эли биригип турушу керек.

***

Кыргыздардын бир укмуштуудай сапаты — адегенде баладай ишенип, анан эгер ишеними ордунан чыкпай калса, алып түшөт же көктүгүнөн өлүп берет. Бул да кыргыз элинин залкарлыгы.

***

Адамдын накта сапаты, ички дүйнөсү каатчылыкта билинет экен. Ичинде кенедей терс мүнөз, кара мүртөздүк же башка балакети болсо, тынччылыкта көп билинбейт экен, ал эми мындайда жөн эле оркоюп, жакшы эле катайын десе да сыртына чыгып, элдин көзүн ачыштыргандар болот эмеспи.

***

Турмуш деген заматта бактылууну бактысыз кылып, бактысызга бакыт берип коет экен да, мүшкүл!

***

Адам деген бактысына өзү эч качан баа бере албайт тура. Баласыздык — чоң түйшүк дечи, бирок үй-бүлөсүз жашоо андан жакшыбы? Үйүңдө күлсөң кошо күлүп, ыйласаң кошо ыйлап турган аял болсо, бу да өзүнчө жыргал турбайбы.

***

Адамдын турмушу жалаң гана майрамдардан түзүлбөйт. Алдыда татаал ашуулар, капчыгайлар, терең кечүүлөр жатат. Ошол тоскоолдорду басып өтүп, жүрөктү толкундаткан назик, мээримдүү, ыйык сүйүүнү сактап калыш үчүн кайрат, акылмандык керек.

***

О, турмуш! Адамдын накта дүйнөсү, сезими, сүйүүсү чоң түйшүк алдында толук ачылат турбайбы!

***

Бирок бир нерсени билип коюңуз: башыңызга күн түшсө, жердин түбүнөн болсо да сизге жетип келип, жөлөк болчу бир жан бар…

***

Байыркы заманда элибиз чыгарган акыл-насааттуу жомок али да болсо унутулбайт, азыркы атомдуу доордо адамзат өзү менен кошо жашаган айбанатты өлүм-житимден сактап, жер-сууга сарамжалдуу мамиле кылбаса, акыры чоң кыянатка учурап калышыбыз мүмкүн деген ойду кайра-кайра эсибизге түшүрөт.

***

Кычы сөз адамдын терең жериндеги кемчилигине тийгенде, курч сөз экени же мокок сөз экени билинбей сөөккө тийгендей мизи майтарылат.

***

Сен азыр баласың, бойго жетип чоңойгонуңда адамдын өмүрү өтө кыска экенин түшүнөсүң. Адам өмүрү – анын туулган күнү менен каза болгон күнүнүн аралыгындагы алкакта өткөн мезгил эмес. Мүмкүн өмүр деген капталыңа канат бүтүп, бардыгын таштап курмандыкка чалып, куштай сызып, дүйнөнүн четине учуп жетчүдөй болуп тургандагы бир гана саат же мүнөттүр. Ал деген адамдын өмүрүнүн көз ачып-жумганчылык кыска мезгили, кымындай үзүндүсүдүр, бирок адам дал ошол мезгил үчүн жашагысы келет.

Эгерде ошондой канаттуу мезгилиң болбосо, же жүрөгүңдүн илебине кулак салбай, чоркоктук кылып, ошол мезгилиңди өткөрүп жиберсең — жарык дүйнөдө жашадым деп ойлобо. Анткени калган өмүрүң жайбаракат бырыксып түтөгөн кыкка барабар.

***

Карышкырдын канчыгы да көзүн ача элек бөлтүрүгүн талаага таштабайт.

***

Үйлөнүү той күнү эң сонун жана кубанычтуу күн болуп түбөлүккө эсте калат. Андан кийинки өмүр анык сүйүүңүн, берилгендиктин, адамгерчилигиңдин, абийириңдин сыноосу болот.

***

Адамың деле тырмактай чымчык сыяктуу экен да: жок жерден жер үстүнө пайда болуп, жарык дүйнөнүн ачуу-таттуусун татып, сүйүп-күйүп, жамандык көрсө кейип ыйлап, жакшылык жыргалында күлүп, түнкү айдын нуруна бөлөнүп, күндүн эртең мененки шооласына жылмайып, анан заматта "бырп" этип о дүйнөгө учуп кетет. Зор кереметтүү табияттын күрдөөлдүү айлампасынын алдында, жер үстүндөгү түбөлүктүү жашоо менен тирүү жан кутулгус ажалдын алдында адамдын көр оокатындагы майда-барат кагылыштар, өз ара таарынычтар, түшүнбөстүктөр кеп эмес экен да!