Жалал-Абадда бала бакча инфекциялык ооруканага айланды. Сүрөт

Ооруканага айландырылган имарат буга чейин "Шүүдүрүм" аталышындагы бала бакча катары пайдаланылып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облустук жугуштуу илдеттер ооруканасынын 70 орунга ылайыкташкан филиалы ачылды. Бул туурасында өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, ооруканага айландырылган имарат буга чейин "Шүүдүрүм" аталышындагы бала бакча катары иштеп келген.

"Бул бала бакча жергиликтүү тургунга таандык болчу. Үч кабаттуу имарат бир кездери Жалал-Абад шаарындагы "Нур" акционердик коомунун профилакториясы катары иштеген. Кийин менчиктештирүү саясаты башталганда жеке тараптар сатып алган. Азыркы кырдаалдан улам ишкер Исматуллаев да өз салымын кошуу максатында имаратын оорукана катары акысыз пайдаланууга берди", — деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абаддагы ооруканага 20 млн. сом бөлүнүп, ичи оңдоло баштады

Ал эми тиешелүү жабдуулар менен облус бийлиги камсыздаганы айтылат. Ошондой эле өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараттары дагы коюлган. Эми бул жай Облустук жугуштуу оорукананын филиалы катары кызмат кыла баштайт.

Облус жетекчиси Нурболот Мирзахмедов бүгүн ооруканага барып, анын даярдыгын көрүп кайткан.