Ош облусунда жер-жерлерде куран окулуп пандемиянын курмандыктары эскерилди

Коронавирустан ажал тапкандарды Араван райондук ооруканасында, Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплексинде эскеришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бүгүн Улуттук аза күтүү күнүнө байланыштуу Ош облусунун бардык райондорунда мекеме-имараттардын желектери түшүрүлүп, эскерүү иш-чаралары өткөрүлүп жатат. Бул туурасында өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, облустук администрациянын аппараты бүгүн жумушту илдеттен каза болгон мекендештерге багыштап куран окуу менен башташты.

Ар бир көз жумган мекендешим сай-сөөгүмдү сыздатып кетти… Жээнбеков элге кайрылды

Араван райондук ооруканасынын имаратында пандемия учурунда көз жумган мекендештер, дарыгерлер эскерилди. Аким Курбанбек Айтибаев, райондун имамы, аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү өткөндөргө куран окуп, түлөө өткөрүлдү.

Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплексинде да коронавирустун курмандыгы болгон жарандардын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы өттү. Ага Өзгөндүн акими Бактыбек Алайчиев, райондун имам-хатиби, күч органдарынын башчылары, мекеме-уюмдардын жетекчилери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.