Ош шаарында 21 жаштагы Айтурган Өмүрбекова изделип жатат. Белгилери

Кыздын азыркыга чейин жүргөн жери белгисиз, бирок айрым маалыматтарга караганда, Бишкекте болушу мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Криминалдык милиция кызматы Ош шаарында дайынсыз жоголгон 21 жаштагы Айтурган Өмүрбекованы издеп жатат. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, ал 5-июль күнү болжол менен саат 20.00дө үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес. Азыркыга чейин жүргөн жери белгисиз, бирок айрым маалыматтарга караганда, Бишкекте болушу мүмкүн.

Жалал-Абадда 15 жана 16 жаштагы эже-сиңди изделүүдө. Сүрөтү жана белгилери

Белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачынын узундугу 30-35 сантиметр, көзү күрөң, оозунун калыңдыгы орточо, кулактары чоңураак, жеңил кийинип жүргөн.

Айтурган тууралуу кабары барлар 0551 04 02 02, 0707 04 02 02, 0556 56 61 84 жана 0312 26 62 61 номерлерине чалса болот.