Кыргызстанга жардам катары 560 кычкылтек концентратору алынды

Жардам катары берилген кычкылтек концентраторлорунун 450 даанасы жаңы ачылып жаткан ооруканаларга бөлүштүрүлөт. 
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы ооруканалар үчүн 560 кычкылтек концентратору  чет  жактан алып келинип, эми ооруканаларга таратылат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган концентраторлорду Кыргызстанга “Ас-Салам” коомдук фонду алып келгени кабарланды. 

Бүгүн вице-премьер Аида Исмаилова, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана ыктыярчылар гуманитардык жардамды кабыл алуу жана ооруканаларга бөлүштүрүү иш-чарасына катышкан.

Өлкөнүн банктары ооруканаларга алты ИВЛ, 100 кычкылтек концентраторун алып берди

“Кыргыз Республикасынын президентинин колдоосу менен “Ас-Салам” коомдук фонду тарабынан гуманитардык жардам келди. Кычкылтек концентраторлорунун 450 даанасы жаңы ооруканаларга бөлүнөт, калган 110 даанасын фонд муктаждык жаралган ооруканаларга берет. Кыргыз өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдирем. Баарыбыз бир күчкө биригүү менен кырдаалдан чыгып, вирусту жеңерибизге ишенем”, — деп айткан Исмаилова.

Ошондой эле ал донор өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан, ыктыярчылардан келип жаткан жардамдар ачык-айкын, адилеттүү бөлүштүрүлүп жатканын кошумчалады.