Экономика министри: Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү кыскарды

Алты айдын эсеби менен ИДП көлөмү 5,3 пайызга кыскарып, 228 миллиард сомду түздү. Эң чоң артка кетүү эки тармакта байкалды.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Өткөн алты ай ичинде Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 5,3 пайызга кыскарды. Өзгөчө курулуш жана кызмат көрсөтүү тармактарында төмөндөө болгонун экономика министри Санжар Муканбетов брифинг учурунда билдирди.

"Алты айдын эсеби менен ИДП көлөмү 5,3 пайызга кыскарып, 228 миллиард сомду түздү. Эң чоң артка кетүү курулуш тармагында (10 пайыз) жана кызмат көрсөтүү тармагында (9,2 пайыз) байкалды", — деди Муканбетов.

Аз болсо дагы өсүш бар тармактар — өнөр жай жана айыл чарба сектору. Өнөр жай 0,1 пайызга жогоруласа, дыйкан-фермерлер 1,6 пайыздык өсүш көрсөттү.

Быйыл Жалал-Абадда былтыркыдан 600 млн сомго көп салык чогулду

Министр кошумчалагандай, быйыл эл аралык уюмдар дүйнөдө экономиканын өнүгүшү 3-10 пайызга чейин кыскарарын айтышкан. Ал эми Дүйнөлүк соода уюму товар алмашуу 30 пайызга чейин азаят деген божомол чыгарган.