Соңку бир күндө коронавирус 17 кыргызстандыктын өмүрүн алды

Бүгүнкү статистикалык маалымат боюнча, коронавирустун кесепетинен көз жумган адамдардын саны 1 364кө жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Соңку бир күндүн аралыгында Кыргызстанда коронавирус илдетинен дагы 17 адам каза болду. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек – 9;
  • Чүй облусу – 2;
  • Нарын облусу – 2;
  • Жалал-Абад облусу – 4.

Бактыга жараша, Ош облусу менен шаарында, Ысык-Көл, Баткен жана Талас облусунда каза болгондор жок.

Ушуну менен өлкөдө коронавирустун кесепетинен көз жумган адамдардын саны 1 364кө жетти.

Аталган вирусту жугузуп каза тапкан алгачкы учур 3-апрелде катталган.