Штаб Бишкектеги айрым стационарларды жабууну сунуштады

Зарылчылык жаралган учурда борбор калаадагы күндүзгү стационарлар өз ишин кайрадан баштоого даяр болушат.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинин жүрүшүндө күндүзгү стационарлардын айрымдарын жабууну сунуштады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаарында медициналык кадр ресурсун натыйжалуу пайдалануу жана оптималдаштыруу максатында айрым пункттар ишин убактылуу токтотушу мүмкүн экени айтылат.

Бишкекте ачылган стационарларда 83 миң адамга жардам көрсөтүлдү

Зарылчылык жаралган учурда күндүзгү стационарлар өз ишин кайрадан баштоого даяр болушат. Ал эми түнкү стационарлар ишин токтотпойт.