Жалал-Абаддагы ооруканага 20 млн сом бөлүнүп, ичи оңдоло баштады

Облус бийлиги Көк-Жаңгак шаарындагы бир мекеме жугуштуу оорулар бөлүмү катары даярдалып жатканын кабарлады.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында жайгашкан Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунун имараты капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Бул туурасында өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, бул үчүн республикалык бюджеттен 20 миллион сом бөлүнгөн. Оорукананын 2-3-кабаттарын оңдоо пландалып, учурда жумуш кызуу жүрүүдө.

"Оңдоо иштерин бир айдын ичинде бүткөрүү талабы коюлган. Ооруканага облус башчысы Нурболот Мирзахмедов барып, жумушту аткарып жаткан компанияга өз мөөнөтүндө бүткөрүү жана сапатка көңүл буруу керектигин эскертти", — деп айтылат маалыматта.

Боронов: Ошто өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат чыгарылат

Мындан сырткары, Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарындагы мекеме жугуштуу оорулар бөлүмү катары даярдалып жатканы айтылат. Ал имараттын эшик-терезелери алмаштырылып, толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Ага өлкө казынасынан 2,7 миллион сом сарпталмакчы.