РФтин Агротехникалык университети КР абитуриенттери үчүн 30 орун берди. Өтүү шарты

Якутск шаарындагы Агротехникалык университет айыл чарбанын бардык багыты боюнча адистерди даярдап чыгарат. Окуу жайда 514 студентке ылайыкташкан жатакана, илимий лабораториялар, китепкана, спорт комплекси жана ипподром бар.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Россиянын Якутск шаарындагы Агротехникалык университети Кыргызстан үчүн 30 гранттык орун бөлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

"Университет 2020-2021-окуу жылында Кыргызстан үчүн күндүзгү жана сырттан окуу формалары боюнча 30 бюджеттик орун берди. Кирүү сынактары 10-14-август күндөрү дистанттык технологияларды колдонуу менен Modle платформасы аркылуу өтөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Документтерди кабыл алуу электрондук форматта жүргүзүлөт.

Кайсы даректерге кайрылуу керек:

Россиянын окуу жайлары кыргызстандык студенттерге кандай жеңилдик берет

Агротехникалык университет айыл чарбанын бардык багыты боюнча адистерди даярдап чыгарат. Окуу жайда 514 студентке ылайыкташкан жатакана, илимий лабораториялар, китепкана, спорт комплекси жана ипподром бар.

КР Билим берүү жана илим министрлиги гранттык орундар боюнча кабыл алууну жүргүзбөйт. Бардык суроолор боюнча жогоруда көрсөтүлгөн электрондук даректерге кайрылып же окуу жайдын расмий сайты аркылуу маалымат алууга болот.