Курмандык чалуу колунда бар адамдарга милдет болуп саналат. Ал эми союлган малдын этин учурдагы абалды эске алып, муктаждарга таратып берсе болот. Бул тууралуу Бактияр Токтогазы уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Муфтият: Айт намаз аянттарда, мечиттерде окулбайт
Анын айтымында, муфтият жарандарга бири-бирине айттап барбай, үйдө болууну сунуштоодо.
"Эпидемиологиялык абал курч болуп жаткандыктан, курмандык чалуу үчүн мал сатып алганы базарга барганда медициналык талаптарды сактоо зарыл. Курмандык чалуу колунда бар адамдарга милдет болуп саналат. Ал үчүн алты ай, бир жыл болуп калган койлор жарайт. Малдын дене-мүчөсү кем болбошу зарыл. Өтө арык, оорукчан, кулактары кесилген малды союуга болбойт. Ал эми бодо малдан жылкы курмандык чалынбайт. Уйду жети же андан аз адам биригип дагы курмандык кылса болот. Ушул жерден белгилей турчу жагдай, кырдаалга байланыштуу союлган малды кайрымдуулукка таратуу жакшы жөрөлгө. Ал үчүн курмандыктын эти үчкө бөлүнөт. Бир бөлүгүн үй-бүлө жакындары үчүн, экинчи бөлүгүн муктаждарга, үйүндө тамак-ашы жокторго берсе сооп болот. Үчүнчү бөлүгүн сактап койсо болот. Албетте, эттин баарын алып калууга мүмкүнчүлүк бар, бирок абалдын оор экенин эске алып, муктаждарга кубаныч тартуулап коюуга чакырып кетмекчимин", — деди Токтогазы уулу.
Ошондой эле ал мүмкүнчүлүгү жокторго курмандык чалуу милдеттүү эмес экендигин кошумчалады.