Казакстанда карантин режими дагы эки жумага узартылды

Бул ирет карантиндик чаралар мурдагыдай катаал эмес, айрым тармактардын ишин жандантууга уруксат берилет.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө карантиндик режимди дагы эки айга узартууну тапшырды. Бирок этап-этабы менен талаптар жеңилдетилип турат. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы Аскар Мамин 5-июлдан тарта катаал карантиндик чектөөлөр коюлгандан кийин коронавирус жуктургандардын саны 29 пайызга кыскарганын билдирген. Муну менен күнүнө 1500-1600 жаңы учур катталып, кырдаал турукташкан.

"Ооруканага кайрылгандар 43 пайызга, реанимацияга жаткырылгандар 27 пайызга азайды. Оорудан айыккандар 63 пайызга көбөйдү. Тез жардамга чалуулардын саны да кыскарды. Жалпылап айтканда, саламаттык сактоо системасынын иши жеңилдеп, оору басаңдады" — деп айткан Мамин.

Казакстанда карантиндик чаралар 3-августтан тарта жумшара баштайт

Буга чейин Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 3-августтан тарта карантиндик чараларды жумшарта турганын маалымдаган. Ага ылайык, соода жана оюн-зоок борборлору, балдар ийрими, сулуулук салондору жана коомдук транспорттун ишин жанданттуу пландалууда.

Бул учурда жарандар санитардык жана дезинфекциялык режимдерди аткаруу менен маска кийип, социалдык аралыкты сактоону улантышы керек.