Борбор калаадагы ооруканаларда бейтаптар азайды. Учурда 1 614 бош орун бар

Азыркы учурда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дагы 88 орун бошоп калганы маалым болду.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги ооруканаларда коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн 1 614 бош орун бар экенин билдирди.

Маалымат бүгүн, 29-июль, саат 18.00гө карата берилген. Күн сайын ооруканалардагы бош орундардын саны көбөйүп, бейтаптардын азайганы байкалууда. Азыркы учурда Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дагы 88 орун бошоп калганы маалым болду.

Бишкекте ачылган стационарларда 83 миң адамга жардам көрсөтүлдү

Коронавируска кабылгандар төмөндө көрсөтүлгөн ооруканаларга кайрылса болот.

  • "Гансидеги" оорукана — 548;
  • Воронцовкадагы санаторий — 217;
  • Улуттук госпиталь — 188;
  • №1 интернат — 113;
  • Республикалык наркология борбору — 94;
  • Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы — 88;
  • Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы — 68;
  • Интергельпо ооруканасы — 54;
  • Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи (Суворов училищеси) — 52;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 46;
  • "Ынтымак" медресеси — 38;
  • Азиздер жана көрүүсү начар балдар интернаты — 34;
  • Rixon мейманканасы — 25;
  • Улуттук хирургия борбору — 20;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 15;
  • Темир жол ооруканасы — 14.

Белгилей кетсек, ооруканалардын жана күндүзгү, түнкү стационарлардын дарегин жана андагы бош орундарды көрсөтүп турган карта иштелип чыккан.