Бишкектен Чолпон-Атага кошумча күч катары дарыгерлер жиберилди

Вице-премьерге медицина кызматкерлери жетишпей жаткан Чолпон-Атадагы кырдаал тууралуу суроо берилди.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектен Чолпон-Атага кошумча күч катары медицина кызматкерлерин жана россиялык адистерди жөнөттү. Бул туурасында вице-премьер Аида Исмаилова билдирди.

Ал бүгүн Sputnik Кыргызстан мультимедиалык маалымат борборунда өткөн онлайн-брифингге катышты.

Иш-чара учурунда вице-премьерге медиктер жетишпей жаткан Чолпон-Атадагы кырдаал тууралуу суроо берилди.

Ысык-Көл биринчи орунга чыкты. Бир күндө 668 адамдан COVID аныкталды

"Чынында шаарда медицина кызматкерлери жетишпей жатат. Себеби алардын өздөрүнө дагы коронавирус жугуп, каза болуп калган учурлар дагы бар. Саламаттык сактоо министрлиги Чолпон-Атага дарыгерлердин кошумча командасын жиберди. Андан тышкары, россиялык адистердин тобу дагы жөнөп жатат, арасында реаниматологдор дагы бар", — деди Исмаилова.

Ошондой эле ал өкмөт ар бир жарандын кайрылуусуна көңүл бурууга аракет кылып жатканын кошумчалады.