БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. 30-июлда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаайт. Таласта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, бирок күндүз тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жана республиканын башка облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Август ысык болобу? Бир айга карата аба ырайынын божомолу
Абанын температурасы Чүй облусунда +30...+35, Таласта +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймагында +32...+37, ал эми Ысык-Көл, Нарында +22...+27 градус жылуу болот.
Бишкек, Ош жана Чолпон- Ата шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада +30...+35, Ошто +35...+37, Чолпон-Атада +22...+27 градус ысык болору болжолдонду.