БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Татьяна Кузнецова ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бишкектин вице-мэри Кузнецова кызматтан кетип, ордуна Мозгачева келди
Тиешелүү буйрукка калаа мэри Азиз Суракматов кол койгон. Кузнецова 2019-жылдын февраль айынан бери иштеп келген. Эмне себептен кетип жатканы айтылган жок.
Балбак Түлөбаевдин мэриядагы ордун 31 жаштагы Адилет Малдыбаев ээледи
Шаар башчысынын дагы бир буйругу менен бош калган вице-мэрлик кызматка Виктория Мозгачева дайындалды.
Ал буга чейин “Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасынын директору болуп иштеп жаткан.
Мозгачева кесиби боюнча инженер-программист экени айтылды.