Төрага Жумабеков 20 ыктыярчыны Көлгө алып барып эс алдырмай болду

Парламент башчысы ыктыярчылар оор жүктү аркалоодо чарчап-чаалыгып, психологиялык жактан дагы кыйынчылыктарга туш болорун белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков 20 ыктыярчыга Ысык-Көлгө барып эс алуусуна жолдомо бергенин парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, спикер коронавирус пандемиясында жарандарга кол кабыш кылып жаткан "Демилгелүү жаштар борборунун" активисттери менен, анын ичинде ыктыярчылар Эламан Нурдинов жана София-Айдана Мурзаева менен жолуккан.

Төрага алардын оор кырдаалда жардам берип жатканына ыраазычылык билдирип, активисттердин биримдигин жана эрдигин белгилеген.

Төрага Жумабеков Суусамырдагы стационарга барып, акчалай жардам берди. Сүрөт

Өз кезегинде ыктыярчылар парламент башчысынын көңүл буруусу үчүн ыраазычылык айтышкан.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Дастан Жумабеков алар оор жүктү аркалоодо бир гана чарчап-чаалыкпастан, психологиялык жактан дагы кыйынчылыктарга туш болорун белгилеп, ыктыярчыларга Көлгө эс алууга жолдомолорду берди. Ошондой эле активисттерге белектер тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.

Жумабеков Жогорку Кеңеш ар дайым кызматташууга ачык экендигин кошумчалаган.