Шаршембиге карата аба ырайы

28-июлдан 2-августка чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. 29-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28...+33, Таласта +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймагында +31...+36, ал эми Ысык-Көл өрөөнүндө +19...24, Нарында +18...+23 градус жылуу болот.

Кечээ сел каптаган Баткендин айылдары калыбына келтирилүүдө. Сүрөттөр

Шаршемби күнү борбор калаада өткүн өтүп, күндүн табы +30...+32 гардуска жетсе, Ош шаарында күн ачык болуп +32...+34 градус ысык болот. Чолпон-Атада +19...+21 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды.