БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Жыл сайын август айынын башында Москва шаарынын четиндеги "Алабино" полигонунда өтчү танк биатлону бир нече аптага жылдырылды. Бул тууралуу Генералдык штабдан билдиришти.
Буга негизги себеп пандемия болгону айтылды.
"Мелдеш 20-августтан тарта 6-сенбярга чейин өткөрүлмөй болду. Ага кыргызстандык аскерлер кам көрүүдө. Бардыгынын ден соолугу, маанайы жакшы. Иш-чарага бир нече күн калганда Москва шаарына барып коронавируска ПЦР-тест тапшырып, обочолонуудан өтүшөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Кымыздан ооз тийгизип, тушоо кесишти. Жоокерлерге кыргыз маданияты көрсөтүлдү
Танк биатлону боюнча АрМИ мелдеши — жыл сайын өткөрүлүп келген аскердик ири иш-чаралардын бири. Ага ондогон өлкөнүн аскерлери катышат. Былтыр Россиянын, Ирандын жана Армениянын командаларынан барган өз тайпасында Кыргызстан экинчи орунду алган. Кыргызстан бул мелдешке 2013-жылдан бери катышууда.