Өлкө ооруканаларында 10 227 киши коронавирус менен алышууда

Ооруканада жаткан бейтаптардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда. Нарын жана Талас облустарында башка аймактарга салыштырмалуу ооруканада жаткандардын саны аз.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Коронавирус илештирип алган 10 227 киши азыркы тапта стационарларда дарыланууда. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда маалымдады.

Анын айтымында, дарыланып жаткандардын ичинен 4 428 бейтаптан коронавирус аныкталса, 5 799у анын өтүшүп кеткен түрү, пневмония менен алышууда.

Ооруканада медициналык жардам алып жаткандар:

  • Бишкек — 4 195;
  • Ош шаары — 611;
  • Чүй облусу — 1 263;
  • Ысык-Көл облусу — 991;
  • Ош облусу — 1 210;
  • Баткен облусу — 524;
  • Жалал-Абад облусу — 839;
  • Талас облусу — 367;
  • Нарын облусу — 227.

Акыркы суткада Кыргызстанда 548 адамдан коронавирус табылды

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учурлардын саны 33 844кө жетти. Анын ичинен 22 296сы ооруну жеңип, айыгышты. Тилекке каршы, коронавирус 1 329 кишинин өмүрүн алды.